Банктардын валюталык операциялардан алган пайдасы сегиз эсе өстү

2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы валюталык операциялардан түшкөн киреше өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сегиз эсеге өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын каржы секторунда 603 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 565 банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар жана 14 камсыздандыруу компаниясы иштеген.

Ушул жылдын тогуз айында экономиканын финансы секторундагы уюмдардын жалпы кирешеси 75 миллиард сомго жакынды түзүп, 1,6 эсеге өстү. Бул негизинен банк секторунун кирешесинин өсүшүнө байланыштуу. Финансы секторунун уюмдарынын чыгашалары ушул эле мезгилде 45 миллиард сомдон ашты жана дээрлик 1,5 эсеге көбөйдү.