Abank
SerepTV Logo

"Бардык облустар жашыл зонада". Кыргызстанда 1 жумада 53 адамдан коронавирус аныкталды

"Бардык облустар жашыл зонада". Кыргызстанда 1 жумада 53 адамдан коронавирус аныкталды
Кыргызстанда бир жумада 53 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Алардын ичинен 14 адам ооруканага жаткырылган, 39у амбулатордук дарыланууда. 30-октябрга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул республикада COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирет.