Башкы прокуратура Европа өлкөлөрүнүн түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарын которуп келүү мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«2021-жылдын сентябрь айында Башкы прокуратуранын кайрылуусу боюнча Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары аркылуу Европа Кеңешине Кыргыз Республикасын 1983-жылы кабыл алынган Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Европа Конвенциясына кошуу маселесин кароо боюнча кайрылуу жөнөтүлгөн. Башкы прокуратуранын жогоруда аталган Конвенцияга кошулуу демилгесин кароо мүмкүнчүлүктөрү боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Европа Кеңешинин катчылыгынын ортосунда деталдуу сүйлөшүүлөр 2019-жылы башталып, анын жыйынтыгында Европа Кеңеши бул кайрылууну тийиштүү тартипте кароого макулдугун берген», — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда, ички мамлекеттик макулдашуунун алдын ала жол-жоболорун өткөргөндөн кийин Башкы прокуратура алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн биринчи кайрылуусун 2020-жылдын декабрь айында Европа Кеңешине жөнөткөн.
«2021-жылдын май айында Башкы прокуратура менен Европа Кеңешинин Катчылыгынын ортосунда, Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы элчилигинин катышуусу менен видеоконференция аркылуу консультациялар өткөрүлүп, анда процедуралык маселелер талкууланган. Бул Конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу боюнча маселе оң жагына чечилген учурда Европа өлкөлөрүнүн түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргыз жарандарын мекенине которуп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Башкы прокуратура башка дагы мүмкүн болгон Европа Конвенцияларына Кыргызстандын кошулуусу боюнча иш-аракеттерди активдүү түрдө улантат», — деп билдиришти.