Башкы прокуратура «Кактус Медиадагы» маалымат боюнча кылмыш ишин козгоду

27-январда «Кактус Медиа» сайтында чек ара аймагындагы куралдуу кагылышуу тууралуу жарыяланган макала боюнча тергөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Макалада Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери Тажикстан Республикасы тарапка биринчилерден болуп ок атып, провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат камтылган. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси («Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу») менен кылмыш иши козголгон. Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

27-январда «Кактус медиа» сайты чек арадагы чырды чагылдырууда Тажикстандын «Asia Plus» басылмасынын жаңжалдын келип чыгуу версиясы жөнүндө чыккан материалын жарыялаган. Аталган сайт ал маалымат боюнча түшүндүрмө тараткан. «Башка басылмадан алынган маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз», — деп жазылган редакциянын түшүндүрмөсүндө. Бул макалага байланыштуу 28-январь күнү «Кактус медиа» сайтынын кеңсесинин алдында митинг өтүп, нааразычылыгын билдирип келген жарандар басылманын жабылышын талап кылышкан.