Журналист Акылай Маратова Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөзү үчүн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.
Кечээ, 9-февралда маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев Бейшеналиевдин айткандары боюнча прокуратурага арыз түшсө, сөзсүз текшерилерин билдирген. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-ооруканага барып, эмгек жамаат менен сүйлөшүү учурунда «ал да аферист, ал да таластык» жана «башкы дарыгер кызматына таластык эмести дайындаш керек, пол жууганына чейин таластыктар экен» деген сөздөрдү айткан учурда тартылган видео тараган. Кийинчерээк министр айтылган сөздөрү үчүн кечирим сураган.