Башкы прокурор Бакиев боюнча: «Эрки жетип, тергөөгө көрсөтмө берем десе, эч ким тоскоолдук кылбайт»

Ош шаарынын тургуну Майсалбек Раимбердиев башкы прокурор Курманкул Зулушевге качкын президент Курманбек Бакиев тууралуу суроо берди.

«Качып жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата сиздин позицияңызды так билип койсок. Ал өзү мен акмын, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берем деп жатат», — деди ал.

«Курманбек Бакиевдин кылмыш иштери боюнча өкүм чыккан. Аны билесиз. Эгерде келип, ошого эрки жетип, ачык сот кылам, тергөөгө көрсөтмө берем десе, эч ким тоскоолдук кылбайт. Келсин, тергейбиз. Иш боюнча өкүм чыккан», — деди ал.