Башкы прокурор: «Жеке жашоону тыңшоо сөзсүз түрдө соттун чечими менен болушу керек»

«Менин жеке оюм боюнча жеке жашоону тыңшоо сөзсүз түрдө соттун уруксаты менен болушу керек». Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

«Кандай максатта мыйзам долбоору киргизилди, мен таанышайын. Себеби адамдын укугу кол тийгис, жашоосу эркин болушу керек. Соттун уруксаты менен болушу керек. Бул мыйзамдын талабы», — деди ал.

УКМК парламенттин кароосуна “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштаган. Документ соттун чечими жок жарандардын телефондорун тыңшоо жана аңдууну өзүнө камтыйт.