Башкы прокурор «Кактус Медиа» боюнча: «Тергөөдө кылмыш далилденсе, жоопко тартылат»

«Кактус Медиага» Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат». Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

«Экспертиза чыгаруу үчүн токтом кабыл алынган. Жообу алына элек. Ал жерде Кыргызстан биринчи ок атты деген маалымат болгон. Өзүңөр билесиңер, учурда чек ара олуттуу маселе. Журналистпи, жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби бул боюнча бирдей жооп бериши керек. Мындай иштерге баа берсек эле, сөз эркиндигин чектөө болсо… Сөз эркиндигин чектөө деген ойдо болгон жок. Прокуратура өз милдетин аткарып, кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатат. Тергөөдө далилденсе, жоопко тартылат», — деди ал.

27-январда «Кактус медиа» сайты чек арадагы чырды чагылдырууда Тажикстандын «Asia Plus» басылмасынын жаңжалдын келип чыгуу версиясы жөнүндө чыккан материалын жарыялаган. Аталган сайт ал маалымат боюнча түшүндүрмө тараткан. «Башка басылмадан алынган маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз», — деп жазылган редакциянын түшүндүрмөсүндө. Бул макалага байланыштуу 28-январь күнү «Кактус медиа» сайтынын кеңсесинин алдында митинг өтүп, нааразычылыгын билдирип келген жарандар басылманын жабылышын талап кылышкан. Кийинчерээк Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.