Набиев Нуркамал Бурханович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин дагы бир буйругу менен Молдокматов Абай Молдокматович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.