Ошто милиция чет өлкөлүк жарандын жоголгон акчаларын жана буюмдарын таап берди. Бул тууралу Ош ШИИБден билдиришти.
2-май күнү милицияга Ирландиянын жараны Жонесс Попж арыз менен кайрылган. Ал арызында Ош шаарында троллейбуста баштыгын унутуп түшүп кеткендигин билдирип, аны таап берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Баштыкта жылуу кийими, ири суммадагы сом, евро, доллар, тенге жана юань акчалары, эки паспорт, айдоочулук күбөлүгү, банк карталары болгон.
Бул фактыдан соӊ Милициянын кайгуул кызматы тарабынан таап алган адамдар болсо кайтарып берүү өтүнүчү менен видеокайрылуу жолдонгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмү тарабынан издөө иштеринин натыйжасында 4-майда жоголгон баштык табылып, ээсине кайтарып берилди. Арыз ээси өз буюмдарын карап көрүп, баары жайында экендигин, буюмдары, акчалары толугу менен бар экендигин айтып, милицияга ыраазычылыгын билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram