Abank
SerepTV Logo

"Башын төшөккө тыгып отурбаганда аман калат беле билбейм". Казакстанда кыргызстандык 6 жаштагы баланы куткарды

"Башын төшөккө тыгып отурбаганда аман калат беле билбейм". Казакстанда кыргызстандык 6 жаштагы баланы куткарды
Алматыда көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, кыргызстандык 6 жаштагы баланы аман алып калган. Бул тууралуу Massaget.kz" target="_blank">https://tengrinews.kz/">Massaget.kz жазды. Басылма бала үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, аны аман алып калган Тешебай Жалилов менен маектешкен" target="_blank">https://tengrinews.kz/kazakhstan_news/basyin-tosekke-tyigyip-otyirmaganda-aman-kalmas-pa-ed-6-510027/">маектешкен. Тешебай Жалилов Ош облусундагы Жалпак-Таш айылында төрөлгөн. Ал кесиби боюнча тарых сабагынан мугалим. Азыр Алматыда иштейт. Анын айтымында, ал 25-август күнү күтүлбөгөн окуяга туш болгон. Үйлөрдүн бириндеги 7-батирден өрт чыккан. "25-августта саат 17:00 чамасында үйдүн жанынан өтүп бара жаткам. Эл ызы-чуу болуп жатыптыр. Карасам 5-кабатта өрт чыгыптыр. Аны көрүп, жардамдашайын деп үйгө кирдим. Эшикти ачууга аракет кылып жаттым", - деди ал. Анын жанына кыз келип, батирдин ичинде кичинекей бала калып калганын айткан. "Эшикти ачсам, батирдин ичи кара түтүнгө толуп кетиптир. Бала залда башын төшөккө тыгып отурбаганда, аман калат беле билбейм. Баланы кармап, футболкам менен ороп, сыртка араң чыктым", - деген ал.