Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушту. Ага эки облустун чектеш райондорунун акимдери, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Жолугушуу бүгүн, 13-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында өттү.
Жетекчилер алгач, буга чейин чек ара аймактарында орун алган куралдуу жаңжалда курман болгон жарандардын арбагына багыштап куран окуп, чек ара аймактарында тынчтык, элибизде аманчылык болсун деп бата кылышты.
Облус башчылары Баткен жана Согди облусунун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, тынчтыкты камсыз кылуу максатында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында кабыл алынган чечимдерди аткаруу улантылаарын белгилешти. Ага ылайык, облус жетекчилери эл арасында пайда болгон ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр чатактарга жол бербөө боюнча, чектеш жайгашкан район акимдерине жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине биргелешип иштөө менен коомдук коопсуздукту камсыздоону тапшырышты.
Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, улам жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатында байма-бай жолугушуп турат. Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, күч түзүмдөрү күнүмдүк тартипте иштеп жатат.
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...
Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...
Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...