Бүгүн, 9-апрелде Баткенде облустук футбол ассоциациясынын жалпы жыйыны өттү.
Алгач Баткен облусунун футбол ассоциациясынын төрагасы Айбек Ражапов Баткен облусундагы футболдун абалы боюнча кеңири маалымат берди. Андан соң, Садыр Жапаровдун “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы чыккандыгына байланыштуу, анын 8-пунктунда аймактык футбол ассоциацияларынын президентинин кызмат ордун президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ээлей тургандыгы белгиленгендигин билдирди. Ага ылайык, ассоциация мүчөлөрүнүн добушу менен, Баткен облустук футбол ассоциациясынын президенттигине Абдикарим Алимбаев шайланды.