1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын катышуучулары бүгүн, 30-сентябрда Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.
Аскердик укук коргоочу Анвар Сартаевдин айтымында, каршылык акциясына Кыргызстандын бардык аймактарынан аскер кызматкерлери катышууда. Алар ардагердин расмий статусун жана багуучусунан ажырагандар үчүн социалдык төлөмдөрдү 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышууда.