Баткенде 13 миңдей адам үйлөрүнө кайтып бара элек

Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын 123 637си өз үйлөрүнө кайтып келишти. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жашоого жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 8 мекеме, 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган:

• Баткен району — 74 жеке жарандардын үйлөрү;
• Кадамжай району — 3 мекеме, 25 бөлмө, 33 жеке менчик үй;
• Лейлек району — 86 менчик үй;
• Кызыл-Кыя шаары – 5 мекеме, 39 бөлмө;
• Баткен шаары – 25 жеке адамдардын үйү кабыл алууга даяр.