Баткен районунун Чек айылынын 1988-жылы туулган тургуну Сапаралиев Данияр Абдиманнапович 27-апрель күнү саат 23:30 чамасында өз үйүнөн Тико үлгүсүндөгү унаасы менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Бул факты боюнча Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.
Кийген кийимдери: асты-үстүндө кара түстөгү спорттук кийим, бутунда кара түстөгү бут кийим.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү жаранды таанып, жүргөн жерин аныктап калса, (03622) 5-17-56; 0774 -77-86-88, 0709-73-66-37 номурларына чалсаңыздар болот.