Баткенде чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү. УКМКдан маалымдашкандай, чек арачылар абалды көзөмөлдөп жатышат.

Бүгүн, 26-декабрда саат 11:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу жана түн тынч жана чыр-чатаксыз өткөнүн маалымдашты. Кечээ, 25-декабрда саат 14:30 чамасында Лейлек районундагы Сай аймагында Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн постунун аймагына миномет орнотушканы, кийин Көк-Таш айылында 3-4 Тажик жараны Кыргыз жарандарынын 4кө жакын унаасына таш ыргытышканы белгилүү болгон.