Бүгүн, 15-сентябрда Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.
Иш-чаранын алкагында “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагыөкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, дин аалымы Абдышүкүр Нарматов, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын жакындары, облустун активи катышты.
Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп: “Мекенди коргоп жатып, баатырларча курман болгон мекендештерибиздин элесин эстеп туруу — биздин инсандык милдетибиз. Биз дайыма алардын эрдигине баш ийип, таазим этебиз! Өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып жатып, шейит кеткен аскер кызматкерлеринин, катардагы жарандарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Алар өзү үчүн өлгөн жок. Эли, жери, жакындары жана мекени үчүн жанын берди. Мындан өткөн баатырдык барбы? Бул — эр азаматтарыбыздын эрктүүлүк, тайманбастык сапаттарынын далили. Мына ушундай, чек арадан чегинбеген, Манас атанын урпактары турганда өлкө бүтүндүгү бекем сакталат деген ишеничим чоң”, — деди.
Эстеликтеги кыз — кыргыз-тажик чек ара окуясынын курмандыгы болгон Мадина. Колуна кармаган жети көгүчкөн тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символун чагылдырды.










