Ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште Ош ОИИБдин командасы 1-орунду ээледи. Экинчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы алса, үчүнчү орунду Бишкек ШИИБдин командасы багындырды.
Достукту жана кызматкерлер ортосунда ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган иш-чара Баткен облусунда16-17-август күндөрү кызмат учурунда каза болгон милициянын ага сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулган.
Чемпионаттык турнирге республика аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жалпы болуп 11 команда катышкан.