Баткенде жабыркаган тургундарга камсыздандыруу төлөнөт

Министрлер кабинети Баткен облусундагы согуштук аракеттерден жабыркаган Кыргыз жарандарынын мүлкүн компенсациялоо максатында түзөтүүлөрдү иштеп чыкты. Долбоор коомдук талкууга коюлду.

«Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык, согуштук окуялар жана анын кесепеттери камсыздандыруу окуясы болуп саналбайт. Бирок чек арадагы жаңжалдын кесепетинен Кыргыз жарандарынын кыймылсыз мүлкү жабыркаган. Иштеп чыгуучулар кыргызстандыктардын камсыздандырылган мүлкүн форс -мажордук жагдайлардан улам кайтаруу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкканын түшүндүрүшүүдө. Анткени бул жарандар финансылык жактан алсыз.