Баткендеги чек ара жаңжалында документтерин жоготкон жарандарга Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жеринде документтерди кабыл алууну жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бүгүнкү күнгө Каттоо кызматы тарабынан ID-кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган. Бүгүн 18-майда, 17 жаран паспортторун алышты.
Кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштеп, документтерди кабыл алуу жүрүп жатат.