Баткенде «Жаштык» жана «Чоң-Талаа» чек ара посттору толугу менен жаңыланды

Кечээ, 28-майда Баткен облусундагы «Жаштык» чек ара постунун толугу менен жаңыланган шарты чек арачыларга тапшырылды.
Ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. «Жаштык» чек ара посту менен катар Баткен облусундагы «Кара-Бак» чек ара заставасынын «Чоң-Талаа» посту да заманбап шартта жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул эки посттун абалы менен Камчыбек Ташиев таанышып чыкты. Аталган посттор чек арачыларга коюлган талаптарды аткаруу үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздалган.