Баткенде жол тескөөчү каналда агып бара жаткан баланы сактап калгандагы видео качан тартылганы маалым болду

Бүгүн, 8-октябрда социалдык тармактын колдонуучусу Феруза Ашимбаева Баткен шаарында жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери каналдагы сууга агып бара жаткан баланы сактап калганын жазып чыккан. «Баткен шаарында иштеп жаткан Токоев Аскар Батырович каналдагы сууда агып бара жаткан баланы куткарып, ата-энесине аман-эсен тапшырып берди», — деп жазып, видео менен бөлүшкөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя тууралуу маалымат беришти. Окуя бүгүн, 8-октябрда саат 10:30 чамасында болгон. «Баткен шаарында каналда агып бараткан баланы көрүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери баланын өмүрүн сактап калган», — дешти.