Баткенде мыйзамсыз курулган 30 объект буздурулуп, жерлер баштапкы абалына келтирилди.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан президенттин жарлыгынын негизинде Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлгөн.
«Кызыл-Кыя шаарында 3 объект, Үч-Коргон айыл аймагында 27 мыйзамсыз курулган объект аныкталып, андан тышкары 53 объектиге эскертүү берилди. Аталган фактылар боюнча жалпы 18 материал Кадамжай РИИБге өткөрүп берилди. Мыйзамсыз курулган курулуштардын ичинен жалпы 30 объект буздурулуп, учурда кайра калыбына келтирилди»,- дешти.