Баткенде очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнь күнү саат 07:51де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Жаңы-Коргон жана Тескей айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.