Баткенде өзү өлтүрүлүп, тоок фермасы өрттөлгөн ишкердин уулуна жеңилдетилген насыя берилген

Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда курман болгон ишкер Матиса Надыровдун тоок фермасына барды.

Эскерте кетсек, тоок ферма Баткен районундагы Ак-Сай айылында жайгашкан. Фирмадагы чыгым ошол учурда  40 миллион сом деп бааланган. Буга чейин, Министрлер rабинетинин чечими менен  тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 миллион сом насыясы жоюлган болчу. Анын уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга  30 миллион сом жеңилдетилген насыя берилген.

Мамлекет ишкерлерге өзгөчө көңүл бураарын айткан Акылбек Жапаров: “Балам, атанын жолун улап кетүү ата үчүн чоң сыймык. Баткен жергесинде эле эмес, Кыргызстанда, ал гана эмес, Борбор Азияга чыкканга жумуртканы, тоок этин экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө жет. Ал үчүн мамлекет колдоо көрсөтөт”, — деп билдирди Акылбек Жапаров.