Баткенде өзү өлтүрүлүп, тоок фермасы өрттөлгөн ишкердин жубайы: «Эми ферманы чек арадан алыс салабыз»

Баткендин чек арага чектеш Ак-Сай айылында тоок ферма кармаган Матиса Надиров аттуу ишкер Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болгон.

19-октябрдагы жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров анын 9 миллион сом насыясы жокко чыгарылганын айтты. Анын айтымында, ишкердин артында уулу бар. Ага тоок ферма салууга көмөк көрүлөт. «Биз уулун атасынын ишин улантып кетүүсүн каалайбыз», — деген ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун жубайы менен байланышканыбызда, Акылбек Жапаров өрттөлгөн ферманы өз көзү менен көрүп, уулу менен сүйлөшүп кеткенин айтты. «Акылбек Жапаров келгенде көрүп кеткен. Уулумдан «атаңдын ишин улантып кете аласыңбы?» деп сурады, уулум «100 пайыз кепилдик берем, улантып кете алам» деди. Уулум атасы менен тең тайлаш иштечү да. Кантип иштейт көрүп алган. Анан 9 миллион насыябызды жапты. Ал насыя биз үчүн оңой эле жаап койчу сумма болчу. Ферма жакшы киреше алып келчү. Эми минтип отуруп калдык да. Мамлекет болбосо, ишибиз өрттөлдү, кантип төлөйт элек? Азыр куруу иштери токтоп турат. Себеби, чек ара азыркыга чейин тактала элек да. Мен кайра тобокелдикке баргым келбейт. Кайра ошол окуя башталып кетсечи, эми ферма салсак, чек арадан алыс, тынч аймакка салабыз, бирок Баткен облусунда эле болот», — деди Айсалкын айым.