Баткен шаарындагы борбордук стадиондогу тепкичтин видеосу талкуу жаратты. Соцтармак колдонуучулардын айрымдары күлүп жатышса, айрымдары нааразычылыгын билдиришүүдө.
Ал эми журналисттерге Баткен шаардык мэриясынан, стадиондун негизги трибунасы кеңейтилгенин, арткы тарабындагы тепкичтин бир тарабы трибунага кошулуп калганын билдиришти. Алар оңдоп-түзөө иштери аяктай электигин билдиришти.