Баткенде «үй бар» деген жазуу кармаган баланын атасы: «Уулумдун сүрөтүн көрүп сыймыктандым»

Тажикстандын кол салуусунан жашап жаткан үйүнөн качкан Баткендин тургундарына «үй бар» деген жазуу кармаган кичинекей балдардын сүрөтү тараган. Кагаз кармап турган балдардын бири — Бекзат. Ал 11 жашта. Бул тууралуу «Клооп» жазды.

Анын атасы Раджабали Даминов баласынын сүрөтүн көргөн соң, уулу менен сыймыктанганын айтат. «Балдар өзүлөрү уюштуруп, жарандарды кабыл алышыптыр. Мен үйдө жок элем. Ал сүрөттү балдарым дароо эле көрсөтүштү. Сыймыктанып, сүйүндүм», — деди ал.

«Досторум менен чогулуп, 1-2 саат күттүк. Эч ким келген жок. Түштөн кийин кечке чейин күттүк. 5-6 унаа келип, ошолорду киргиздик», — деди Бекзат. 

Белгилүү иллюстратор Татьяна Зеленская да эмгегин чек арадагы атышуудан качкандарга «үй бар» деген жазуу кармагандарга арнаган.