Тажикстандын кол салуусунан өрттөнгөн үйлөрдүн жаңыланганы айтылды
2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштардан улам жарандардын жараксыз абалга келген үйлөрү толук бүткөрүлгөн. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев президентке берген отчётунда билдирди.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, бул айылдар толугу менен кайра курулган. Бүгүнкү күндө өрттөнгөн үйлөр толугу менен калыбына келтирилген, бул айылдардын ички жолдору асфальтталган, жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн, ичүүчү суу системасы салынган.
Ошондой эле, күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине толук көлөмдө акча каражаттары берилген, унаасынан же малынан ажырагандарга да акчалай компенсациялар төлөнгөн.