Баткендеги чек арада каза болгон 24 жаштагы прапорщик Данияр Казакбаевдин сөөгү бүгүн жерге берилет

Бүгүн, 20-сентябрда Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Казакбаев Данияр Алтынбековичтин сөөгү жерге берилет.

Токмок шаарынын тургуну Казакбаев Данияр Алтынбекович 1998-жылы туулган. Кыргыз Республикасынын чек ара аскерлеринин прапорщиги, Баткен облусунда Тажикстандын Кыргызстандын аймагына басып киргенде мекенин коргоодо баатырларча курман болгон. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү болчу.