Бүгүн, 21-февралда таң эрте орусиялык альпинистти издөө башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Учурда дайынсыз болуп жаткан орусиялык жаранды издөөгө 20-февралда ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 6, Лейлек райондук райондук ӨКБдан 1 куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адады издөөгө орусиялык 3 альпинист кошулду.
- Орусиялык альпинист Евгений Глазунов Баткен районундагы Ак-Суу (Лейлек) капчыгайында дайынсыз болуп жатат. Mountain.ru порталынын маалыматы боюнча, альпинист акыркы 60 сааттан бери байланышка чыга элек. «Чаплинскийдин маршруту боюнча жалгыз кеткен. Ал кырга чыгып, көтөрүлүү сызыгы боюнча түшө баштаган. Акыркы жолу үч күн мурун, саат 15:00дө байланышка чыгып, «Крест» аймагында экенин, ылдый түшүүнү улантып жатканын билдирген», — деп айтылат билдирүүдө.