Баткен облусунда талкаланган үйлөрдү калыбына келтирип жаткан ишкерлер менен курулушчулар Жогорку Кеңешке келип, президент Садыр Жапаровду кабыл алууну суранышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине алар өздөрү билдиришкен.
Алардын айтымында, жети айдан бери айлык ала албай келишет. Субподрядчик “Алмалуу Доор Курулуш” ишканасынын 300 кызматкерине болгон карызынын суммасы 30 миллион сомго жакын.
«Биз Капчыгай айылында жети ай иштедик. 300дөй жумушчу айлыктарын ала албай жатышат. Бир жарым ай бою Баткен районунун жергиликтүү бийликтерине кайрылдык, бирок жыйынтык болгон жок. Башкы подрядчик «Аманат Строй Инвест» менен подрядчы «Алмалуу Доор курулуш» бири-бирин жаап, бизге акча төлөбөй жатышат. Аксай, Капчыгай айылдарынын карапайым калкы кыйналып жатат. Үйлөрдүн 98 пайызын бүтүрдүк, бирок төлөмдү алган жокпуз. Бул жерде бригадирлер да, прорабдар да бар», — дейт Өмүрбек Жусупбек уулу.