Баткендин Капчыгай айылынын тургуну: «Үйүбүз бүтөйүн деп калды»

Бүгүн, 16-июнда Баткен районундагы Капчыгай айылына келдик. 2022-жылдын сентябрь айындагы куралдуу кагылышта айыл толугу менен талкаланган болчу. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Мамлекет турак жайларды калыбына келтирип, айылдын негизги унаа жолуна асфальт төшөп, көчөлөрүн жарыктандырып берди. Мен сүйлөшүп жаткан Ташбалта аке, айылдын тургуну. Үйү айылдын четинде, чек арада жайгашкан», — деп жазды ал.