Баткенге 1,5 ай мурда аскерге кетип, сөөгү келген 18 жаштагы жигиттин сүрөтү

Бүгүн, 10-ноябрда УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, аталган кызматтын аскер кызматкери каза болгонун билдиришти. Алардын маалыматына караганда, жигит ашказанынан кан кеткенине байланыштуу каза болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 18 жаштагы жигиттин бир тууган эжеси кайрылып, жакындары чыркырап жатканын айтты. Эжесинин айтымында, анын аскерге кеткенине 1,5 ай эле болгон.

«Иним Таалай уулу Айжигит 18 жашта болчу. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ташарык айылынан. Аскерге кеткенине 1,5 ай болгон. Өз каалоосу менен кеткен. Бүгүн сөөгүн карматып коюшту. Айдаркенге бөлүнгөн экен. Түндө ата-энесине «уулуңардын дене табы көтөрүлүп жатат» дешкен. Ойлорунда эч нерсе жок барышкан. Көрсө, жансыз денеси өлүкканада экен. Ичин жарып, тигип коюшкан. Оозу скотчтолгон. Скотчту алганда эле оозунан кан атып чыгыптыр. Боорун эзип койгон деп жатышат. Денесинде таза жери жок, капкара. Башы жарылган. Өлүкканадагылар ичин мойнуна чейин кесишиптир. Ата-энесине сөөктү карматып, доом жок деп кол койдуруп алышыптыр. Ошол жактын чоңдору тажияга азык-түлүк көтөрүп келишиптир. Жүрөгү ооруп каза болду дешти. Карапайым элдин балдары ушинтип эле өлө береби», — деди эжеси.

Маркумдун сүрөтү эжесинин уруксаты менен жарыяланды.