Баткенге эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү барышты

Тажикстандын аскерлери кол салган Баткен облусуна эл аралык жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү алып келинди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасында билдирди.

«Башкы максат – чек арабызга чектеш айылдарга баскынчылык менен кирип келип жай тургундардын, социалдык объектилерди талкалашканын көрсөтүү жана ал аркылуу дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирүү. Учурдан пайдаланып, акыркы кырдаалга байланыштуу маалыматтык коштоодо — кыргызстандык кайдыгер эмес жарандар, журналисттер жана блогерлердин салымы бар экенин белгилеп, аларга ыраазычылык билдирем. «Маалыматтык согушта бул андай иштеди, мындай кылса болмок, биз бул ыкмаларды колдондук эле, тажиктерди уттук»,- деп жарыялап жатышат. Эгерде, чын эле жардам берүү учурунда максатыңыздар «мамлекетке пайдабыз тийсин»,- деген болсо, анда кандай иштегениңерди айтып, ачыктап кереги жок»,- деп жазды ал.

Журналисттерге Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуяны чагылдыруу үчүн аймакка Reuters (Улуу Британия), National Geographic (АКШ), Anadolu Ajansı (Түркия), Интерфакс (Орусия) агенттиктеринин өкүлдөрү жана казакстандык журналисттер келишкен.