Базар-Коргондогу жаңы конушка Чубак Жалиловдун ысымы ыйгарылат

Базар-Коргондогу жаңы конушка маркум Чубак Жалиловдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуштарынын бирине белгилүү дин аалымы, маркум Чубак Жалиловдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу аталган айылга Чубак ажы атындагы мечит, медресенин курулушунун капсуласын салуу иш-чарасында айтылды.

Жаңы конушка белгилүү дин аалымынын ысымын ыйгаруу жергиликтүү эл тарабынан демилгеленген. Ал эми айылга мечит, медреселерди куруу үчүн Акман айылынын Бактыгүл аттуу тургуну өзүнүн үлүш жерин берген. Аталган курулуштарга Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы каржылык колдоо көрсөтүүдө. Демөөрчү топтун атайын өкүлү Нурбек Абдували уулу үй-бүлөлүк фельдшердик пунктун да куруп берүүсүн убадалады.