Бейшеналиев Бишкекке келди. Аны «кетсин» дегендер эмне болот?

Бүгүн, 26-майда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга кайтып келгенин журналисттерге ырастады.

Министрдин айтымында, ал дароо эле Чолпон-Атага жолго чыккан, ал жакта «Алтын балалык» борборунун абалына кароо жүргүзөт. Бейшеналиев маалымат жыйында ага каршы чыккан министрдин орун басарларын иштен айдабай турганын билдирди. «Аларды бир гана Министрлер кабинетинин төрагасы бошото алат», — деди ал.

16-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотууну суранып, маалымат жыйын өткөрүшкөн болчу.