Бейшеналиевдин «2 саат операция жасап, «взятканы» чөнтөккө салып, кете берчүмүн» деген видеосу тарады

Социалдык тармактарда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин «2 саат операция жасап, «взятканы» чөнтөккө салып, кете берчүмүн» деген видеосу тарады.

Видеодо министр мындай сөздөрү менен медайымдардын ишинин оор экенин айткысы келген сыяктуу. «35 жыл хирург болуп иштегем. 2 саат операция жасап, «взятканы» чөнтөккө салып алып кете берчүмүн. Байкуш медайымдар 24 саат бою ошол бейтапты карачу», — деген ал.

Өзү бул видео тууралуу үн ката элек.