12-февралда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун башкаруучуларынын жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө Бектурган Орозбаев аталган союздун директору болуп дайындалды.
Орозбаев Бектурган Ибраимович 2020-жылдын август айынан бери Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорунун орун басары болуп иштеп келген.
Ал эми союздун мурдагы директору Өмүрбек Алманбетов өз ыктыяры менен кызматын бошотуп берди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун башкаруучулары Алманбетовдун отставкасын кабыл алып, ага союзга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Алманбетов Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунда кеңешчи катары иштөөнү улантат.
Сиздин иш жетектоонузго ийгилик , Аллахым баардык жакшылыктарын ыроолоп доолотторун берсин