Жазуучу, драматург Мурзапар Үсөн 75 жашында көз жумду

Жазуучу, драматург, тарыхчы, скульптор, сүрөтчү жана журналист Мурзапар Үсөн 75 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды.

Жазуучу Мурзапар Үсөн Баткен районунун Кара-Булак айылында 1948-жылы туулган. Кыргызстан жазуучулар кошуунунун мүчөсү. Бир нече романдардын, повесттердин, драмалардын автору.

Узатуу зыйнаты өзүнүн туулуп өскөн Кара-Булак айылында кечээ, 22-январда өттү.