Ош шаарында бельгиялык Альберто Вотир ислам динин кабыл алды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Бельгиялык Альберто Вотир кыргызстандык Маркиза Шумкар кызын жактырып, ага үйлөнүү максатында Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек Токтомушовго барышкан. Мирланбек Токтомушов мусулман кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алып, мусулман болуу керектигин жана ислам негиздерин түшүндүрүп берген. “Ислам дининде мажбурлоо жок. Биз айтып эскертебиз, кабыл алуу ар бир адамдын өз каалоосу менен болот”, – деди Токтомушов.
Альберто Вотир буга чейин Курандын котормолорун окуп жүргөнүн, өзү да мусулманчылыкты кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирип, келме айтып мусулман болгон.
Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн...
Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда депутат Медер Чотонов "Министрлер кабинети" деген сөздү айта албай койду. Ал Таластан шайланып...
Аламүдүн райондук соту мурдагы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук...
Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир...
2024-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана тездетилген өсүштү көрсөттү. ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5% түзүп, баштапкы болжолдонгон 9%ды түздү....