Беларусь компаниясы Караколдо таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат

Каракол шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча беларусиялык компания менен келишим түзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Мындай завод Кыргызстанда биринчи жолу болот. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 135 миллион сом бөлүнгөн. Жергиликтүү бийлик тарабынан даярдалган «Өсүү чекити» долбоору президент Садыр Жапаров тарабынан жактырылды», — деп айтылат маалыматта.

Ишканада 40тан 50гө чейин жумушчу орун түзүлөт. Курулуш иштерин Беларустун «Сифания Экотехника» компаниясы жүргүзөт. Ал 111 миллион сомдук тендерди утуп алган. Фирманын директорунун айтымында, курулуш ноябрь айында башталса, завод ушул жылдын декабрь айында ишке кириши мүмкүн.