Эртең, 9-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.
«Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» ИИМдин буйругу чыгарылды. Алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда шайлоо тилкелеринде милиция кызматкерлери бекитилди. Ошондой эле, шайлоо күндөрү коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында тиешелүү сандагы милиция кызматкерлери тартылат.