«Бийиктиктерди бирге багындырабыз». Асел Турдалиева Искусство университетинин проректору болуп дайындалды

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУнун ректору Түмөнбай Колдошовдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, актриса, педагог Турдалиева Асель Алымкуловна университеттин Тарбия жана чыгармачылык иштер боюнча проректору болуп дайындалды.

Окуу жай жетекчиси дайындоо тууралуу буйрук менен бүгүн, 20-февралда кезектеги административдик кеңеште тааныштырды. Буга чейин ырчы айым окуу жайдын Сырттан окуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин деканы болуп иштеп келген.

“Университетке буга чейин кандай күйүп-жанып иштеген болсом, мындан ары да ошондой иштеп берем деп ишендирип кетем. Буюрса чыгармачыл, ынтымактуу жамааттын, активдүү студенттердин жардамы менен жаңы жол чаап, жаңы бийиктиктерди бирге багындырабыз. Ишеним көрсөткөнүңүздөргө ыраазылык билдирем”, — деди Асель Турдалиева.