Бийликтен куулган Курманбек Бакиев тоңгон муз эрип жатканын, анда үмүт жанганын айтты

Жаңы жыл алдында 2010-жылы Апрель окуясында бийликтен куулгандан бери Минскте баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиев соцтармак аркылуу куттуктоо жарыялады.

«Өлкөбүздө тополоң-тос, башаламандык, кагылышуу, кан төгүлүү сыяктуу эч кимге керек эмес каргашалар кайталанбасын. Кыргыз элим илгеркидей бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып: аксакалдар туура сөзүн сүйлөгөн калыс болуп, жаштарыбыз жамандыктан алыс болуп, сын көз менен карап турган башка элге үлгү бололу. Соцтармактардан мени жана менин үй-бүлөмдү Жаңы жыл менен куттукташып, жакшы тилектерин, таза каалоолорун жазып жатышкан мекендештериме чын жүрөктөн ыраазы болуп, рахмат айтам. Силердин мага карата жазган куттуктоо сөздөрүңөр, асыл тилектериңер көп жылдан бери сыртта жүргөн мага күч-кубат, дем берип жатты. Мүмкүнчүлүк болсо ар бириңдин аты-жөнүңөрдү өзүнчө атап, ар бириңерге рахматымды, каалоомду айтсам жарашмак. Бирок андайга убактым жетпешин жакшы түшүнөсүңөр. Ошондуктан, баарыңарга болгон ой тилегим бирдей.

Өлкөдө акыркы он жыл ичинде тоңгон муз эрип, муз менен кошо тоңуп турган кеме кыймылдап, жакшылыкка, өнүгүүгө багыт алып сапар тартканы сезилип турат. Бул нерсе менин да ичимди жылытып, ички дүйнөмдө жакшылыктын үмүтүн жандырды. Өз элин ойлогон адам: кандай шартта, кайсыл жерде болбосун, жүрөгүндө өзүнүн туулган жери, боордош эли менен бирге болот. Ошондуктан өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө кыргыз элим менен кошо мен да кубанып жатам», — деп жазды ал.