Шаршемби, 24.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Билим берүү министри 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча кеңири маалымат таратты

16:46 16.03.2024
0
Билим берүү министри 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча кеңири маалымат таратты
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча кеңири маалымат берүүнү чечкенин жазып, аны соцтармактагы баракчасында жарыялады.

Анын айтымында, 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча министрлик тарабынан бир нече жылдан бери даярдыктар жүрүп келген. Бирок эки жолу Жогорку Кеңеште бул демилге колдоо тапкан эмес. «Бул жолу президенттин тапшырма талабы менен мектепте билим алуунун 12 жылдык моделине өтүп жатабыз. Учурда социалдык баракчаларда жазылган кыргызстандыктардын ар андай суроолоруна, терс пикирлерине, кооптонууларына жана ар кандай божомолдоруна жооп берүүнү чечтим», — деп жазылат билдирүүдө.

Билим берүүнү 12 жылга өткөрүү боюнча өзөктүү суроолорго жооптор:

1. Окуучулар 19 жашка чейин окуйт экен.
— Андай эмес, мурдагыдай эле окуучулар 16-17 жашында бүтөт, болгону 0 класс деген жоюлуп, 1-класс деп аталат. Окуучунунун жашы жогорулабайт, тескерисинче төмөндөйт.
2. 12 жылдык билим берүүгө даярдык жок.
— Даярдык бар ар бир мектепте бар. Учурда 0 класска 100 миңден ашык бала тартылган жана балдарга билим берген мугалимдерге мамлекеттик бюджеттен 800 миллион сом эмгек акысына төлөнүп берилет. Ошондой эле Бишкек мэриясынын бюджетинен дагы шаардык балдарды окуткан мугалимдерге 12 миллион 400миң сом эмгек акысына төлөнүп берилет. Кыргызстандагы иштеп жаткан бала бакчалардын бардык түрүнө карабастан мектепке даярдоо программасы иштейт. Ошондо, дээрлик биринчи класска келген 157 миң окуучунун 80 пайызы даярдык менен мектеп босогосун аттайт. 12 жылдык билим берүү калган 20 пайыз бөбөктөрдүн билим алышына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Учурда төмөндөгүдөй иштер аткарылууда:

— 2024-2025-окуу жылы кыска мөөнөттүк балдарды өнүктүрүү кызматына 40 миң бала тартылат.
— 870 мугалим ушул кыска мөөнөттүк бала бакчаларда иштеш үчүн атайын даярдыктан өтүштү жана дагы 4500 адистер квалификациясын жогорулатышат. Ремонттук жана жабдуу иштери Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу жүрүп жатат. Ар бир ачылган борборлорго балдарды өнүктүрүүчү материалдар, оюнчуктар, оюн аянтчалары жасалып, санитардык шарттарын түзүү иштери жүрүп жатат жана бул ишти ар бир айыл өкмөтү билет. Балдарды өнүктүрүү борборлору жергиликтүү бийлик сунуштаган имараттарда ремонттолуп ачылат. Учурдагы бала бакчалардын уктоо бөлмөлөрү өнүктүрүүчү бөлмөлөргө айландыруу менен 2024-2025-окуу жылына 60 миң бала тартылуу алдында жана кошумча педагогикалык штаттар бюджеттен каржыланат.
3. Донордун акчасы үчүн жасалган аракет.
— Өзүңүздөр окугандай 12 жылга өтүү учурда донордун каржылоосу жок, бюджеттик каражат менен жүрүп жатат.
4. Билим берүү жана предметтик стандарттары жана китептери даяр эмес.
— Кембридж стандарттарынын негизинде жазылган Сингапур өлкөсүнүн программаларын жана стандарттарын, окуу китептерин биздин мамлекеттик талаптарга жараша ылайыкташтырылат. Аталган өлкө дүйнөдөгү билим берүү боюнча эң алдыңкы өлкө болуп саналат. Сингапурдан 46 наамдагы так илимдер боюнча предметтик жана англис тили боюнча китептери бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алуу пландалууда жана Президентибиз бул процессти илгерилетүүгө тапшырма берди. Мындан ары мындай кымбат китептерди жеке менчик гана мектептердин окуучулары пайдаланбастан, ар бир кичинекей кыргызстандыкка жеткиликтүү болот.
5. Мектептер жетпейт.
— Туура, статистика боюнча 10 жылдын ичинде мектептеги балдардын саны дээрлик 500 миллионго көбөйдү. Ага кошумча ички миграция жана урбанизация процессинин натыйжасында учурдагы шаар жериндеги мектептердеги балдардын саны нормадан жогорулады. Акыркы 3 жылда республика боюнча 216 мектеп салынды. Быйыл 147 мектеп республикалык жана жергиликтүү бюджеттен ошондой эле өнөктөштөрдүн колдоосу менен салынды. 2023-жылы эле Бишкек шаарында 15 мектеп салынып пайдаланууга берилди. Эми шаарда аз сандагы балдар окуган мектеп менен ири мектептер оптималдаштырылат. Учурдагы ички миграцияны эске алуу менен 46 мектеп анын ичинен Бишкектин тегерегиндеги айылдарга салынууга титулдук тизме кабыл алынды. Тактап айтканда окуучулардын саны өзгөрбөйт.
6. Мугалимдердин даярдыгы жок, жетишпейт.
— Кыргызстандагы мугалимдерди коштоо, усулдук жардам көрсөтүү, үзгүлтүсүз жана өзүнө ыңгайлуу убакта өз билимин өркүндөтүү үчүн санариптик билим кампасы толукталган ноутбуктар менен камсыздоо башталат. Бул да бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
7. Балдардын баары чет өлкөгө кетмек беле?
— 12 жылдык билим берүүдө мектептерде кесипке багытталган класстар түзүлөт. Табигый математикалык, гуманитардык, технологиялык. Ошондой эле мектептен кошумча жумушчу кесиптин ээси болуп, сертификат алганга мүмүнчүлүк жаралат. Эмгек рыногунда атаандаштыка жөндөмдүү болуп чыгышат. Ички жана эл аралык жогорку окуу жайларда айрым предметтердин кайталанбашына шарт түзүлөт. Мектептин жогорку классында билим берүүдө балдардын муктаждыгына жана эмгек рыногунун талаптарына ылайыкталган, адистештирүүгө багытталган билим көндүмдөрдү калыптандыруучу окуу процесси жүргүзүлөт.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:48 23.12.2025
0

Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн...

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Автор Эдита Ильясова
16:43 23.12.2025
0

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда депутат Медер Чотонов "Министрлер кабинети" деген сөздү айта албай койду. Ал Таластан шайланып...

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Автор Эдита Ильясова
15:53 23.12.2025
0

Аламүдүн райондук соту мурдагы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук...

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:57 23.12.2025
0

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир...

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 23.12.2025
0

2024-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана тездетилген өсүштү көрсөттү. ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5% түзүп, баштапкы болжолдонгон 9%ды түздү....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Социалдык фонд: «2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз»

Социалдык фонд: "2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз"

12:13 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

11:44 23.12.2025
Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

00:48 24.12.2025
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:48 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү