Билим берүү министрине кылмыш иши козголдубу? Министрликтин жообу

Кечээ, 20-сентябрда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине Билим берүү министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголгонун, ишти УКМК колго алганын жазып чыккан эле. Бул боюнча аталган министрлик маалымат таратты.

«Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду» деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.