«Бир атанын балдары билбей баш кошуп алышы мүмкүн». Депутат өлкөдөгү генофонд үчүн кооптонууда

Депутат Кундузбек Сулайманов мамлекеттин генофондуна зыян келтире турган себепти атады. Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында ал бала төрөлгөндө анын биологиялык атасы тууралуу маалыматты тактоо керектигин белгиледи.

«Бир эркек эки башка аялдан балалуу болуп, бирине апасынын, таятасынын фамилиясын берип коюшкан дейли. Балдары муну билбей туруп, келечекте баш кошуп алышса. Туугандардын бири-бирине баш кошуусуна жол бербөө үчүн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүккө фамилиялары жазылганда алардын атасын белгилөө зарыл. Мындай түзөтүүлөрдү киргизгиле. Анткени бул биздин генофондубузга зыян келтириши мүмкүн», — деди Сулайманов.