«Бир болайык» шоу берүүсү менен таанылган Арген Асанов «Ала-Тоо» аянтында милиция тарабынан кармалганы айтылган. Арген Асанов жубайы Аружан Бекешева экөө соцтармактагы баракчасында 26-августта саат 18:00гө «Ала-Тоо» аянтында оюн уюштуруларын билдирген. Анда 100 миң сом таратылмак. Бирок видеодон адам аянтка көп чогулуп, ызы-чуу болуп жатканы көрүнөт.
Асанов аны милиция Биринчи Май РИИБге жеткиргенин, ал жерде ага 7500 сом айып салганын билдирди. «Кабатыр болбогула, чыктык. Бизде баары жакшы. Кечээ келгендерден кечирим сурайбыз. Мен 100 киши келет го деп ойлогом. 1-1,5 миң киши болуп кетти. Мен мыйзамды билген эмесмин. Билсем даярданмакпыз. Уруксат алмакпыз, 7 миң 500 сом айып пул салышты», — деди ал.
Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!
Биздин Телеграм канал: @serepkg